www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдардын акыркы 130 миң жылда канаттуулардын түрлөрүнүн болжол менен 7 пайызынын жок болушуна себеп болгонун трт. изилдеген.
Англиядагы Бирмингем университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө, куш түрлөрүнүн жок болушуна адам факторунун таасири иликтенди.
Акыркы 130 миң жылда кеминде 600 куш түрү (болжол менен 7 пайыз) адамдардын айынан жок болгондугуна байланыштуу далилдер табылган изилдөөдө, илимпоздор куш түрлөрүнүн жок болушунун экосистемага жана биологиялык көп түрдүүлүккө тийгизген таасири менен булардын ыктымалдуу кесепеттерине көңүл бурушту.
Изилдөө тобунан доктор Том Мэттьюс далилдердин, канаттуулардын түрдүүлүгүнүн азайышына адамдардын себеп болгонун ачыкка чыгарганына көңүл буруп, алдыбыздагы 200 жылда дагы 1000 куш түрүнүн толугу менен жок болорун, мунун кесепеттеринин изилдениши керектигин айтты.
Европанын эң көп көпөлөк популяциясына ээ болгон Грецияда көпөлөктөрдүн өмүрү кыскарган.
Климаттын өзгөрүшү көпөлөктөрдүн көбөйүшүнө жана өмүрүнүн узактыгына терс таасирин тийгизет. Жаратылыш чөйрөсүндөгү климаттын өзгөрүшү менен алардын өмүрү кыскарат.
Температура нормадан жогору бойдон калгандыктан, өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгили кыскарат. Бул көпөлөктөр үчүн азыктын азайышына алып келет.
Көпөлөктөр температура жогорулаган өлкөлөрдөн түндүктөгү өлкөлөргө көчүшөт. Алар салттуу түрдө жашап келген өлкөлөрдөн кетип жатышат. Анткени чөлгө айлануу жана өтө ысык шарттар көпөлөктөрдүн узак жашашына мүмкүнчүлүк бербейт. Жашоого аракет кылган көпөлөктөр да адаптация процессинде кичирейет.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чыккан токой өрттөрү да көпөлөктөрдүн жашоо чөйрөсүнө олуттуу зыян келтирет. Тилекке каршы, дүйнө жүзү боюнча көпөлөктөрдүн түрдүүлүгү кескин кыскарууда.