www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Египеттин ИИМнин, Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Каирден «Казак»каймана аты менен белгилүү 43 жаштагы М.У. кармалды.
Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун (Дженго) мүчөсү катары турат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинде каралган (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо) кылмышка шектелип, Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан.
2023-жылдын июнь айында Ошто М.У. жана анын шериктери алдамчылык жолу менен 26 жаштагы С. А. аттуу жабырлануучуну белгисиз автомашинага салып, шаардагы мейманканалардын бирине алып келишкен. Мейманканада алар физикалык күч колдонуп, кызды зордукташкан.
Кылмыштын оордугуна карабастан, сот шектүүгө карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Андан кийин М.У. белгисиз тарапка изин жашырып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.
Мындан тышкары, Грузиядан К.А кармалган, ага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө салык салуу объекттерин жашыруу жолу менен салык төлөөдөн качуу фактысы, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кылмышка А.Р. жана А. Н. дагы шектелүүдө.
Учурда Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары тарабынан кармалгандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.