www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финляндиянын президенти Александр Стубб бүгүн, 28-октябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен төрт күндүк мамлекеттик сапар менен Пекинге келди. Мындай маалыматты NazarNewsка кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.
Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Линь Цзяндын айтымында, сапардын жүрүшүндө Кытай лидери Александр Стубб менен жолугушат. Мындан тышкары, Кытайдын премьер-министри Ли Цян жана бир нече бийлик өкүлдөрү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу мамилелер жана эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашат.
Эске салсак, Финляндия Кытай Эл Республикасын биринчилерден болуп тааныган Батыш өлкөлөрүнүн бири. Быйыл Кытай менен Финляндиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 74 жыл толду.
Кытай Финляндия менен жогорку деңгээлдеги салттуу достукту улантууга, экономика, соода, инвестиция, жашыл трансформация жана башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого, глобалдык маселелерди жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр.