www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колуңдан көөрү төгүлгөн устасыңбы, атагың аласка кеткен ырчысыңбы, чечендигиң ашынган сөзмөрсүңбү, төгүлүп чачылган көпөссүңбү, эл башкарган бакансыңбы баарыбир бир күнү, кара жер кучактап, келбес жакка кетесиң...
Анан эмнеге, өлбөчүдөй, бул жашоо жараткандын энчисиндей, ээлирип жашайбыз...Акчанын артынан түшүп, көмөлөнүп, көңтөрүлүп күн өткөрөбүз...Бири бирибизге акаарат айтабыз, таарынабыз, көңүл жубаткандын ордуна көөдөй шыбайбыз, сынтагабыз.
Чоң үйүбүз, унаабыз, кызматыбыз менен таанышыбызды айтып мактанабыз. 40 жашка келип, мен көңүл калтыра элекмин деп мактанган кишини көрбөдүм. Ооздун жели болгон жакшы сөзүбүздү элүү миңге сатып алгансып аяйбыз.
Эмнеге? Бирөнүн тандоосун сыйлаганды билбейбиз. Эби жок элди өлтүргөн Чикатило деле, жүрөк эргитип, ойго салып, жашоо филасофиясын кагазга түшүрүп берген Чынгыз Айтматов деле, жашы деле, карысы деле кара жер кучактап жерде жатышат го...
Неге биз өлбөчүдөй жашайбыз?
Гүльзада Шаршеналиева
Булак: NazarNews.kg