www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээнеткечтик. «Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу». (макал)

«Өмүрдүн атасы эмгек, энеси-жер, Марыткан баарыбызды - берметтей тер.

Жараткан ай-ааламды эчак мурун,

Адамзат, табигатты эрмектей бер.» (Аалы)

Мээнет - бул эмгек. Мээнеткечтик - эмгекти, мээнетти сүйүүсү. Т.а. эреселүү эмгектин артынан сая түшүүсү. Түштүк кыргыздар «мээнет күн» дейт.

Түндүк кыргыздар «эмгек күн» дейт. Экөө бир маанилеш. Бала чактан эмгек кылууга умтулуу, албетте, келечегине даңгыр жол чабуусу. Эмгек эресеге жеткирүүсү. Мисалы, мектеп окуучулардын өндүрүшү - окуу, жакшы окуу, алардын мээнеткечтиги ошол аркылуу өлчөнүүсү.

Демек, ал менен келечекте ким болоору, кандай адистикти тандап алаары, өмүрү байсалдуу кетээри, элге ак кызмат өтөөрү аныкталуусу. Бул-ойлогон оюна, көздөгөн максатына жетүүсүн түшүндүрүүсү.

Эмгек - адамды көрктөндүрүүсү. Мээнеткеч менен жалкоонун айырмасы асман-жердейдиги. Таасын айтканда, жалкоонун казаны толо кайнабоосу. Мээнеткечтик - топтуктун, тактыктын, адалдыктын эң бийик сапаты.

Учкул сөздөр.

«Эгин айдоо-байлык айдоо»

«Эл дөөлөтү - эмгек, эмгек баарын жеңмек»

«Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет» 

«Эмгек кылсан жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан».

Бул күндөгү даңктуулар ак эмгегин тапкандыр.

«Даңкты сатып албайт,

Зордуктап бербейт.

Эмгек даңксыз келбейт, Акыйкат теӊдейт». (Аалы)

Даңк, атак ээси - эмгек экенин ар дайым эске тутуубуз...

Оюнга чыгаруу. Бул элдик таң-тамашаларга катышуу. Ар-намыс үчүн оюнга түшүүсү. Адатта, аш-той берген жерге барууда, илгери айыл башында тургандар өзүлөрүнүн «балбандарын», «эр эңишчилерин», «тыйын эңүүчүлөрүн», «жамбы, ордо атуучуларын салдыруучу жорголорун, чабылуучу күлүктөрүн, мүнүшкөрлөрүн, ж.б. кошо ала барып, сурнайларын тартып, добулбастарын кагып, калдайып келүүсү, адамдары чыкпай, күлүктөрү, жорголору кошулбай калуу өңдүү жоруктар ошол элдин намысына камчы чабуусу.

Ошондуктан ар бир элдин күн мурунтан даярдыкта жүрүүсү, оюнчулары болуусу, таң-тамашалар жандануусу. Мында башка жактардан атайын келип, байгени алып кетүүлөрү да кездешүүсү...

Журт күйөө. Бул башка жактардан ооп келген адам. Жашоо тиричиликтин ар кандай жагдайлары аркылуу ошол айылдан аял алып, бала-бакыралуу болуп, ал жерге байырдап калган күйөө.

Аны айыл үстү жакшы маанайда кабылдап, өзүлөрүнө иймерип калуулары. Кайын журтунун арасынан кадыр-барк күтүүсү, эли менен эл журту менен журт ич ара батышып кетүүсү. Т.а. күч күйөө кайын журтунун үстүндө жашаса, журт күйөө айыл ичинде жашайт.

Тексиз адам.

«Тегимди сурап жатасың,

Тексиз жандан дедиңби?

Калкымды сурап жатасың,

Калкы жок наадан дедиңби?» (Семетей)

Бул - ата-теги сүрүлбөй, унутта калган адам. Эч ким айтып бере албайт. Адатта, эркек баланын санжырасы сүрүлүүсү зарыл: Биринчиден, ата-энеден эрте ажырап, багаар-көрөөрү жоктор бир жакка ооп кеткенде ушундай абалда калуусу;

Экинчиден, кайрадан кайрылып келип, ата-тегин иликтебөөсү, ага өзүнүн кызыкчылыгы жоктугу, бет алган жерде-элде байырдоосу. «Башка өскөндүн боору таш, ташта өскөндүн туягы катуу» дейт.

Үчүнчүдөн, ал адамдын эл-жерин сурап, боолголоп уруусун билүүчүлөр бар, ошол жашап жаткан, көбүрөөк жакшы көргөн адамдын же уруунун ынтымагында жүрүүсү. Төртүнчүдөн, «тексиз» деген ата-бабасынан бери букара, кембагал-кедей, каратаман өңдүүлөргө чаап кетүүсү.

Тежемел бала. Бул - энесинин эмчегин эмбеген бала. Ага карата бир топ себептери бар:

Биринчиден, энеси ымыркайында өлүп калуусу, бирөөлөрдүн колунда болушу;

Экинчиден, этек алдынан бирөөлөрдүн асырап алуусу, башка тамактарды берип багуусу. Эне сүтүнөн куру турушу.

Тежемел жетим баланын мүнөздүү белгиси: ирбийинки, боюнун пас, чыткурсак, кыйдыраак көрүнүшү. Албетте, айрымдар эне сүтүн эмбесе да, багуусу жарашса, мантайып, тамакка токпейил тартып, капарсыз өсүшү.

Койчудан кош босого коркот. Бул - койчунун оор турмушун элестетүүсү. Кой артында, талаа-түздө, тоо-таштарда, адыр-белестерде, ысык-суукта, кара нөшөрлөрдө, чагылган чартылдаганда, алай-дүлөйдө, тумандуу күндөрдө, ит-куштар колдон талашып турганда, мал багуунун азап-тозогу малчыга жүктөлгөн түйшүгүн элестетүүсү.

Кечинде мал короого киргенде, анын кандай кайтарып келгенин, эмне кыйынчылыктарга кабылганын, алдыртан кабак башын байкоолору.

Босого - боз үйдүн эшигиндеги кош таяк. Өтмө мааниде алган да, үйгө кирээрде үй-ичиндегилер койчунун ушундай акыбалын сезүүлөрү, ага жагымдуу-алымдуу мамиле кылуулары...

Шыбага. Бул - өзүнө тиешелүүсүн берүү. Т.а. тамак-ашка карата айтылуусу. Адатта, кыргыздар мал союусу, анда ар бир адамга таандык устукандардын чыгаруусу, ошол чактарда бирөөлөр ал жайда болбосо, ага да өзүнө ылайыктуу энчисин сактоосу, берип жиберүүсү.

Илгери кичинекейлерге арналуучу бөйрөк, шыйрак, жүрөк, моюн, керчилдек, жаак-тил сыяктуу даамдарды арнап, сактап коюусу...

Чыныгы адам. Биринчиден, ал-бирөөгө тырнактай зыяны жок, таасын адам. Т.а. колу жана тили тийбегени.

Экинчиден, бей-бечараларга, кары-картаңдарга, кедей-кембагалдарга боорукер, тоюндуруу, кийиндирүүсү. Жыйынтыктап айткан да, динден кайра чыгуудан, отко күйгөндөй качкандай качуунун өзү - ыймандуулук.

Ыйман – негизи, диндик түшүнүк. Өлөөр алдында: «Адамдын ыйманын айт», «Ыйманын жолдош болсун», дейт. Тирүүчүлүктө «ыйманынды жегир»,«ыйманы жок», «ыймандуу бол, балам», - өңдүү сөздөр айтылуусу.

Адеп адамдардын тирүүчүлүктөгү оң жүрүш-туруш эрежелери. Ошентип, ыйман биринин маанисин бири толукташы...

Зайып зат - асыл зат. Бул - кутмандуу элибизде эркек-ургаачыны Кудай-Таалабыз эгиз жаратканы. Ошондон өмүр таралуусу. Ошондон турмуш жаралуусу. Адам ата, обо эне (исламда Хавва, Ева) эң алгачкы аял заты, адамзаттын түпкү энеси бүткөндөн бери зайыптардын сынга толтуруусу.

Кыргыз Атада калыс калктын кароосунда асылзат аялдардын төмөндөгүдөй бөтөнчөлүктөрү алмуздактан бери бааланып келүүдөсү:

Биринчиден, жамандык-жакшылыкка тең кароосу, кабак-кашым дебөөсү, эри менен эриш-аркак болуусу;

Экинчиден, өзүнүн күч-аракетин алдын-ала ойлонуусу, жары барда, жокто ар-намысын, абийирин сактай билүүсү;

Үчүнчүдөн, билгиликтүүлүгү, түгөйү үчүн жан-дилинен кызмат өтөөсү, акылга шериктиги, эч бир кине коюуга болбостугу;

Төртүнчүдөн, жүзү ачык, баскан турганы шайыр-шайдоот, айылы да, төркүндөрү да, кайын-журту да сыймыктануусу;

Бешинчиден, албетте, чырайлуулугу, нурдуулугу, айкөлдүгү, пакизалуулугу ж.б. сөзсүз эсте туруусу.

Макала маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун калемине таандык

Булак: NazarNews.kg

Последние новости