www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат биобаштыктарга өтүү демилгесин сунуштады

Полимер баштыктары 400-500 жылдап чирибей жата берип, экологияга болуп көрбөгөндөй зыянын тийгизүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат "Кыргызстандын аймагында полимерден жасалган баштыктарды жүгүртүүнү чектөө" мыйзам долбоорун демилгелөөдө.

"Аталган баштыктар ден соолугубузга жана бейиштей болгон жаратылышыбызга, экологиябызга зыянын тийгизүүдө. Аларды өрттөп жок кылууда абага токсиндер чыгып, жарандардын рак илдетине кабылуусун шарттайт. Ал баштыктар жер бетинде жарым кылымдай чирибей жата берет. Биздеги баштыктардын 3 миң тоннасын сырттан алып келсек, дагы 3 миң тоннасы өзүбүздө өндүрүлөт экен. Биз демилгелеген мыйзам долбоордо ал баштыктар таптакыр жоюлсун деген жокпуз. Болгону аны жасаган чийки затын гана алмаштыралы деп жатабыз. Полимердин ордуна кукуруза же картөшкө крахмалынан өндүрсө болот экен. Же болбосо полимер баштыгын жасоодо атайын химиялык кошулмаларды кошуп койсо тез чирип кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Мисалы 1,5-3 айдан 1,5-3 жылга чейин. Бул демилге 2024-жылдан баштап күчүнө кирсин деп жатабыз. Ишкерлерге да жабдыктарын өзгөрткөнгө 18 ай убакыт берилип жатат", - дейт депутат.

Анын айтымында атайын химиялык кошулмалар менен өндүрүлгөн биобаштыктардын баасы полимерден жасалган баштыктын баасындай болот. Ал эми кукуруза же картөшкө крахмалынан жасалган баштыктардын баасында айырма болушу мүмкүн. Депутат бул суроону ишкерлерден тактап, 2-окууда кененирээк маалымат берерин убадалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости