www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Астана шаарында Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII форуму башталды. VII съездге дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 100дөн ашык делегациясы катышууда.
Форумду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев расмий ачты. Форумга дүйнө диндеринин лидерлери Папа Римский Франциск, Шейх Мухаммед Ахсад Ат-Тайеб, Метрополит Волколамский Антоний, Ицхак Иосиф, Феофил III, Ли Гунанфу, Шейх Равиль Гайнутдин, Джо Бейли Уэллс, Фидон жана башкалар катышууда.
Ал эми Кыргызстандын атынан бул форумга ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев катышууда.
Белгилүү публицист Султан Раев Астанада өткөн форумда таасир калтырган сөздөр тууралуу айтып берди.
"-- Мен бүгүн аталган форумга катышып жатамын. Форум өтө таасирдүү болуп жатат. Алсак, "бир Асмандын балдарыбыз, жашоонун маңызын жеке кызыкчылыкка кор кылба, адамдын акыркы сааты келди, биз Адамдарбыз, бирок биз Адам экендигибизди баалай алдыкпы? Руханий жашоону эш тутуп, рухту тазалай алабыз, биздин эркиндигибиз ой-көкүрөктүн эркиндигинде, эркин болуу ар бир адамдын укугу, жараткан эч качан жердик өкүмдардын барымтасы эмес, ар бир адамда Жараткан жашайт, куралга эмес, билимге жумшайлы, ар бир адам ыйык, бир тамчы көз жашка дүйнөнүн жыргалы татыбайт, биз дүйнөдө алсыз экендигибизди дүйнөлүк пандемия көрсөттү. Дүйнөлүк апааттын кырына келдик, көзүбүздү ачалы, чатырыбыз ар башка, асманыбыз бир, тилибиз ар түрдүү, дилибиз бир, динибиз ар кыл Кудайбыз бир, ар кайсы улутпуз, ар кайсы калкпыз, Жерибиз - Бир! "Дүйнөлүк дин лидерлери - Дүйнөнү Билим сактайт, билим баарынан жогору коюлганда гана дүйнөнү сактай алабыз. Бардык диндер, бардык тилдер Астанада…", - деген улуу сөздөр айтылды деди Раев.
Булак: NazarNews.kg