www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушууда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында өткөн.

Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги диалогдун жолго коюлушу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү үчүн дем берүүчү таасирин тийгизгенин белгиледи.

«Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок», — деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров КЭР төрагасы Си Цзиньпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

«Бул сапар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ынак коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө, эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң салым болоруна ишенем», — деди ал.

Өз кезегинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен ушул жылдын февралында болгон жолугушуу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи.

«Сиз мамлекет башчысы катары реформаларды жүргүзүү жана Кыргызстан элинин бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатасыз, бул сиздердин калк арасында чоң колдоо тапты. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы ишенимдүү өнүгөт деп ишенем», — деди КЭР төрагасы.

Си Цзиньпин Кытай Кыргызстандын реформаларды өткөрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгилеп, Садыр Жапаровдун Кыргызстанга сапар менен келүү боюнча чакыруусун кабыл алды. Сапардын датасы дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен Самарканд шаарындагы жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости