www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения Азербайжан менен мурда түзүлгөн келишимдерди аткарбай жатат. Бул тууралуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

«Армения келишимдерди аткарбай жатат. Ереван бул туура эмес жолдон кайтыш керек. Түркия азербайжандык боордошторду колдоп келген жана мындан ары да колдоо көрсөтөт. Армения келишимдердин шарттарын аткарбай, агрессивдүү позицияны көрсөтүүдө. Албетте, кесепеттери Армян тарап үчүн мындай жол сөзсүз болот», - деди Эрдоган.

Эске сала кетсек, 2020-жылы 27-сентябрда Армения менен Азербайжандын ортосунда Карабакта башталган согушта да Түркия Азербайжанга ар тараптан колдоо көрсөткөн. Биргелешкен аскердик операциялар жана Байрактар ​​учкучсуз учактарынын жеткирилиши менен согуш Бакунун пайдасына аяктады.

Белгилей кетсек, 13-сентябрда Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, Азербайжан-Армения чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Эрдоган Түркиянын ар дайым боордош Азербайжан менен экенин баса белгиледи.

Эске сала кетсек, 13-сентябрга караган түнү Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасынын Дашкасан, Калбажар жана Лочин багыттарында ири провокация жасаган.

Армения менен Азербайжандын чек арасында салгылашуу 13-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:05те башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости