www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жегич министр азыркы бийликтин образдуу айтканда «рентгени» болуп көрүнбөйбү? Дагы энергетика министринин былыктары күн али жылуу кезинде чыгып калды. Кокус күн суукта чыкса элдин убалына калмак. Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге 2 кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши козголгон министр Бекмурзаев коркуп кетип ооруканага түштү. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча пикирин айтты. Министр бул маалыматты ЖМК өкүлдөрү чала баштагандан кийин гана билгенин кошумчалады: "Бул башкы прокурордун жеке "каалоосу" гана. Менин корко турган эч нерсем жок жана качпайм. Башкы прокурор эсептегичтерди саткысы келгени үчүн бардыгына бир жактуу мамиле кылат. Мен бир жумадан кийин бул боюнча өзүнчө маалымат жыйынын өткөрүп, баарын айтып берем", - деди Доскул Бекмурзаев. Азыр министрдин телефону өчүк. Ал бул боюнча кошумча комментарий берүүдөн баш тартты. елгилүү болгондой, энергетика министрине каршы 2 кылмыш иши ачылыптыр, ал – мамлекеттик жана жеке кызыкчылыкка зыян тийгизген деп айыпталууда. Бирок маселе айтылган ушул 2 фактта гана эмес, маселе алда канча терең. Энергетика тармагы башынан аягына чейин коррупциялашканын баарыбыз битлебиз, бирок прокуратура дагы аны менен чындап күрөшө алаары өтө күмөн.
Саламаттык сактоо министрине каршы дагы 7 кылмыш иши козголгон, бирок алардын бири эле кыскартылганда, министр жаңы жогорку кызматка дайындалып, оюндан чыгып кетти. Калган иштер аягына чыгарылбай кала тургандай, прокуратура болсо кимге каршы канча кылмыш ишин ачса дагы, эч ким жазаланбай жатканын да баарыбыз көрүп турабыз.
Румыниянын жаш генпрокурору Лаура Кёвеши кезинде 4 жылдын ичинде 890 коррупционерди соттоткон, алардын ичинде бир экс-премьер, эки мурдагы спикер жана анын өзүн баш прокурор кылып дайындаган мурдагы өлкө президентинин бир тууганы болгон. Кёвеши оюн ойногон эмес жана азыр – Евросоюздун баш прокурору.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:
«Урматтуу мекендештер, мага карата Башкы Прокуратура козгогон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм!
Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, сиздер мени колдоп келгенсиздер, азыр деле таянычым болуп кала бересиздер!
Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевичтин мага берген тапшырмасы - көптөгөн жылдар бою өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жүргүзүү болгон. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген.
Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем! Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт! Анткени, менин улуу максатым - өлкө менен кыргыз элинин бакубат жашоосу.
Акырында айтаарым, биз жапа тырмак көп ийгиликтерге жеттик. Ал эми алдыда болсо андан да көп милдеттер турат. Мен муну менен жеңилип отуруп калбастан, Кыргызстаным үчүн ишимди уланта берем!»
Румыниянын жаш генпрокурору Лаура Кёвешиге жетпейбиз го.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg