www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш-жаза кодексине сталкинг үчүн жоопкерчилик киргизүүнү караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер — парламенттин 34 депутаты.
Документке ылайык, Кылмыш-жаза кодексине сталкинг деген жаңы 190-1-беренени кошуу сунушталууда. Учурда мындай берене жок.
Мыйзам долбоорунда айтылгандай, сталкинг – бул эркине каршы байланыш түзүүгө жана\же, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (интернетти кошо) пайдалануу менен аңдууга багытталган, күч колдонуу менен коштолбогон, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндигин бузууга алып келген, дене боюн же психикасын жабыркаткан, же болбосо материалдык зыян келтирген иш-аракеттер менен туюнтулган куугунтуктоо.
Сталкинг үчүн төмөнкү жазалар сунушталууда:
6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө эркиндикти чектөө;
же 20 000 сомдон 50 000 сомго чейинки айып пул.
Эгерде:
олуттуу материалдык зыян келтирсе;
14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмгө карата жасалса;
кош бойлуу аялга карата жасалса.
Анда:
1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндикти чектөө;
50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки айып пул;
же 1 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу.
Кырдаал оор болсо:
14 жашка чыга элек балага карата жасалса;
жалданып жасалса;
кызмат абалын пайдаланып жасалса,
Анда:
3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;
Кошумча жаза катары:
белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан 3 жылга чейин ажыратуу;
мүлкүн конфискациялоо колдонулушу мүмкүн.
Маалым кат-негиздемеде адамды аңдуу көбүнчө оор кылмыштарга алып келери жазылган.
Депутаттар өзүнчө берененин киргизилиши укуктук боштукту жоюуга, аракеттерди квалификациялоону жөнөкөйлөштүрүүгө жана жарандардын укуктарын, анын ичинде жеке турмуштун кол тийбестигин жана адамдын жеке коопсуздугун коргоого мүмкүндүк берерин белгилешет.