www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы №268 “Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2026-жылдын 30-апрелинде токтом кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартиби жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө жөнүндө Убактылуу жобо бекитилгендигин маалымдайт.
Жаңы тартип миграциялык жол-жоболорду андан ары өркүндөтүүгө, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн документтерди тариздөөнүн ачыктыгын жана ыңгайлуулугун жогорулатууга, ошондой эле тышкы миграция чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.
Буга чейин тиешелүү жол-жоболор айрым ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынып келген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө Нускама, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болушу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө жобо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнунда №367 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө жобо.
Кабыл алынган токтом менен көрсөтүлгөн жол-жоболор системалаштырылган жана бир Убактылуу жобонун алкагында бириктирилген. Бул “Электрондук виза” www.evisa.e-gov.kg/.порталы аркылуу визаларды, бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө механизмдерин комплекстүү колдонууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири болуп эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн документтерди тариздөө тартиби каралган. Жаңы тартипке ылайык Бирдиктүү уруксат баштапкы документ катары 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө таризделет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуу зарыл болгон учурда резидент-карта таризделет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын визаларынын айрым категориялары такталды. Атап айтканда, ишкердик жана туристтик визалар каралган, атайын эмгек визаларын тариздөө тартиби конкреттештирилген, ошондой эле арыз ээси катуу ооруп калганда же ден соолугуна байланыштуу оор абалда болгон учурда тиешелүү ырастоочу документтерине ылайык акысыз тартипте таризделүүчү шашылыш чыгуу визасы киргизилген.
Тиешелүү процедураларды жөнөкөйлөтүү жана системалаштыруу менен катар жаңы тартип менен чакыруучу тараптарга жана иш берүүчүлөргө карата талаптар күчөтүлдү. Атап айтканда, эмгек мамилелери токтотулган учурда чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетишин камсыз кылуу иш берүүчүнүн милдети бекитилген, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын сунуштарынын негизинде иш берүүчүлөрдү ак ниетсиз иш берүүчүлөрдүн Реестрине киргизүү үчүн кошумча негиздер каралган.
Арыз ээлеринин жана чакыруучу тараптардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен жаңы тартип менен тиешелүү акы төлөөдө бирдиктүү уруксатты жол-жоболоштурууга өтүнмөлөрдү шашылыш түрдө карап чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле, уруксат берүүчү документтерди (чыгуу визасы, бирдиктүү уруксат) тариздөөнүн наркын түзүүгө карата ченем каралды.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр чет өлкөлүк жарандар үчүн документтерди тариздөөнүн кыйла түшүнүктүү жана ыңгайлуу тартибин түзүүгө, миграциялык процесстерге мамлекет тарабынан көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Министрлик “Электрондук виза” порталы аркылуу документтерди тариздөөгө өтүнмөлөрдү берүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтому менен каралган өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн КР ТИМ Консулдук департаментинин дарегине төмөнкү номерлер менен байланышуу керек: +996 703 428 865; +996 999 312 002(WhatsApp), 0312-663-070.