www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик органдарга программа аркылуу турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик ишканалар турак жай объектилеринде курулган инженердик тармактарды өз балансына акысыз кабыл алат.

Мындан тышкары, турак жай курулушунун көлөмүн ыкчам көбөйтүү үчүн жеке өнөктөштөрдү түз сүйлөшүү жолу менен тартууга шарт түзүлдү. Бул механизм курулуш иштерин тездетүүгө багытталган.

Программага катышуу тартиби да жаңыртылды. Эми жарандар арыздарын МИКтин расмий сайты, Түндүк порталы жана башка тиркемелер аркылуу электрондук форматта бере алышат. Онлайн идентификациядан өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Ошондой эле балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү – томолой жетимдер үчүн өзүнчө жеңилдиктер киргизилди. Айрым мамлекеттик мекемелерге жана ведомстволорго батирлер боюнча атайын квоталар берилет.

Жарлык турак жай жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, курулуш процессин ылдамдатууга жана мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Последние новости