www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КФБ жетекчилери ФИФАнын Конгрессине катышышты

30-апрелде Ванкувер шаарында (Канада) ФИФА Конгресси болуп өттү. Иш-чарага ФИФАнын курамына кирген футбол ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз футбол биримдигинен Конгресске КФБнын вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана КФС президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов катышты.

Өзүнүн сөзүндө ФИФАнын президенти Джанни Инфантино дүйнөдө адамдарды бириктирүүдөгү футболдун өзгөчө күчүн белгилеп, быйылкы ФИФА Дүйнө чемпионатында 48 катышуучу ассоциация өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө даярданып жатканын айтты.

ФИФА Конгресси ошондой эле 2025-Жылдык отчётту бекитти, анын ичинде 2027–2030-жылдарга карата бюджеттик цикл каралып, 14 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө рекорддук киреше күтүлүүдө. Бул ФИФА футболду өнүктүрүүгө рекорддук каражаттарды багыттай аларын билдирет: 211 мүчө-ассоциация каржылоого ээ болуп, анын көлөмү 2016-жылга чейинки программаларга салыштырмалуу сегиз эсеге көбөйөт, ал эми FIFA Forward программасынын инвестициялары жаңы жогорку деңгээлге - 2,7 миллиард долларга жетет.

«Албетте, FIFA Forward программасы олуттуу таасир тийгизди. Акыркы он жылда биз футболду өнүктүрүүгө 5 миллиард доллар инвестиция салдык», - деп белгиледи Инфантино.
«Инвестицияларды улантуу жана аларды кеңейтүү абдан маанилүү. Кийинки цикл үчүн каралган бул 2,7 миллиард доллар - бул болгону башталышы, биз жасай турган иштердин минималдуу деңгээли гана. Биз мындан да көп иштерди жасайбыз», - деп кошумчалады ал. «Бул сумма мурдагыга салыштырмалуу сегиз эсе көп».

ФИФАнын президенти ошондой эле кийинки жылы кайра шайлоого талапкерлигин коюу ниетин билдирди. 77-ФИФА Конгресси 2027-жылдын 18-мартында, бейшемби күнү Рабат шаарында (Марокко) өтөрү тастыкталды.

 

Последние новости