www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Перпиньян шаарында кичинекей балдарын кир машинага салып терметкен жаш жубайларга айып тагылды, деп The Local басылмасы жазып чыкты.

Атасы баласын бешикте терметкендей терметип көрүүнү чечет. Оюн ишке ашыруу үчүн баланы кир машинага салып жиберген. 1 жаш 3 айлык бала алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилип, мындан улам текшерүү иштери башталат. Ал эми баланын 19 жаштагы энеси анын ойноп жүрүп кулап калганын айткан. Бирок, дарыгерлер анын айтканына карабай полицияга кабар беришет.

Тергөө учурунда 22 жаштагы баланын атасы суроолорго жооп берип жатып, баланы кир машинага салып жибергенин мойнуна алат. Атасынын айтуусу боюнча, ал баланы кир машинанын ичине жаткырып, андан кийин менен термете баштаган. Кийинчерээк энеси да бул окуя анын көз алдында болгонун, бирок бул ишке тоскоол болбогонун айтат.

Аялынын айтуусу боюнча, жарандык никеде жашаган күйөөсү аны өлтүрөм деп коркуткандан кийин каршылык көрсөтө алган эмес. Азыркы учурда бала кордук көргөн үй-бүлөдөн алынып, атайын балага кам көрүүчү органдардын колуна өткөрүлүп берилген. Эркек киши балага орой мамиле жасап, үй-бүлөсүнө зордук көрсөткөн үчүн айып тагылып жатат. Ал эми баланын апасына дагы кырдаалды көрүп туруп, эч каршылык көрсөтпөгөнү үчүн айып тагылды.

Булак: "Чабарман.кж"

Последние новости