www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамкул Жунусов соодалашып жатабы?

Башкы прокуратура ушул жылдын 13-апрелинде Бажы кызматынын айрым жетекчилерине ири суммадагы уурдап-тоноолорго байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бирок маалымат коомчулукка ачык жарыяланган эмес, Сыягы, соодалашуу жагы көздөлгөн көрүнөт.

Дегенибиз, учурда ошол кылмышка тиешеси бар айрым бажы жетекчилери кылмыш ишти жабуу үчүн 500 миң доллар сунуш кылып жатышкандыгы туурасында имиштер маалымат каражаттарында жазылды.

Эмесе козголгон кылмыш ишинин себептерине учкай токтоло кетели.Башкы прокуратуранын кызматкерлери 2015-жылдын 11 -сентябрында КР бажы кызматынын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу максатында “Айхан” жеке менчик фирмасына 750.000. даана [850.000. кг) терини Кытайдагы “Urumchi Qapsan International Trading LTD” компаниясында кайра иштетүүгө уруксат кагазын беришкен.

Бирок “Айхан” фирмасынын жетекчиси Г.Умарова бул уруксат кагазы тууралуу билген да эмес. Анын атынан 25-04-11/6518 номурлуу уруксат кагазын бажы кызматынын жетекчилери менен азырынча аты-жөнү белгисиз шылуундар даярдашкан да, товар жогорудагы аты аталган Үрүмчүдөгү компанияга эмес, Алашанку шаарындагы “SUE КЕ” фирмасына жөнөтүлгөн. Натыйжада Кытайга 6,5 миллион долларлык товар мыйзамсыз чыгарылып, мамлекеттин казынасына 167 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй уурдалып кеткен.

Бул фактылар боюнча КР Генпрокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 210; 221; 304- беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген.

Ал кезде, 2015-жылы сентябрда Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген. Ал Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоо өткөндөн соң 2016-жылы кызматтан бошоп, июль айынан тартып, Кыргызстандын квотасы боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын Энергетика жана инфраструктура министри болуп Москвада иштеп жүрөт. Козголгон кылмыш ишине байланыштуубу же дагы башка себептерден уламбы, Адамкул Жунусов акыркы кездери ат тезегин кургатпай Бишкекке каттап калганы кеп болуп жатат.

Булак: “Фабула"

Последние новости