www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштардын атын булгаган шылуун топ, терроризмдин жаӊы түрү пайда болду! Кыргызстан башынан оор мезгилди өткөрүп жатат. Өлкө мыйзам талаасынан алыстап, төӊкөрүштөн кийинки оолуккан жаштар токтоно албай, охлократия жеткен чегинен ашты. Садыр Жапаров абакта жатканда аны колдоп, сотуна барып жүргөн адамдар, жаштар – мурда кылган колдоосу үчүн кызмат сурап, мамлекеттик стратегиялык маанидеги обьектилерди басып алып, иштеп жаткан жетекчилерине социалдык байланыш тармактары аркылуу каралоо уюштуруп, троллдордун жардамы менен жасалма пикир жаратып, “эл кабыл албай жатат, коллектив кабыл албай жатат”-деп, кызматтан кетишин талап кылып, кыйкыргандары басыла элек. Мындай жапайычылык түшүнүк менен кызмат талашуу токтомоюн, мамлекет мыйзам талаасына кайтып келиши күн сайын кечигүүдө.

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун тарапташтары ага чын эле жардам бергиси келсе, азыр аны ыӊгайсыз кылып, кызмат сурап этек-жеӊинен тарткылабай турушу керек. Адам көӊүлү деген гул, балким мурда колдоп жүргөн жигиттерди “кой, күтө тур” деп айтыш балким Жапаровго ыӊгайсыз болуп жаткандыр. Азыр мамлекеттин тагдыры, абалы кызмат талаша турган жерде эмес. Бюджет тартыш, кошуналар менен мамиле караӊгы, пенсия, пособие жана социалдык төлөмдөр, айлык-маяналар, кызматтык чыгымдарды кантип беребиз деген көйгөй турат. Силер кызмат талашып, улам бир мамлекеттик ишканага барып “эй, кет, сенин моралдык укугуӊ жок, бошотуп кой”-деп жатканда эшикте элдер кырылып, күн сайын коронавирус жайылып жатат. Аны ойлонгон адам барбы? Же кызмат, мансап үчүн өлдүӊөр беле жаштар? “Люстрация” деген шылтоону бетиӊерге кармап алып, оозуӊарга келгенди оттоп, маданиятсыздыктын жеткен чегине чейин түшүп кеттиӊер. Он чакты адамды чогултуп алып, “биз жаштардын атынан келдик, биз энелердин атынан келдик” деп былжырайсыӊар. Жаштардын атынан сүйлөгөнгө ким укук берди? Жаштар жана Бишкек шаарынын тургундары силердин “люстрация” деп шылтоо кылып, шантаж, угроза аркылуу жеке кызыкчылыгыӊар үчүн айкырып жатканыӊарга макул эмес! Биз баарыбыз - шаардык бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдар батырак өз ишине киришип, бекерчилердин айкырыгына алаксыбай элге кам көрүшүн каалайбыз. Бизге кимиси келсе да мыйзам чегинде иш алып барса болду. Альтернативдүү сунушу жок, куру ач айкырык салган радикал жаштардын бийлик башына келгенинен Кудай сактасын. Коомчулуктун тынчын алып жаткан Төрөхан Жунусбеков адам катары, диний түшүнүгү бар инсан катары жакшыдыр, бирок төшүн каккылап мэр болом дегени аша чапкандык. Мэр болуш үчүн алгач тепкичтерди басып өтүп, элден колдоо тапса, шаардык кеӊешке депутат болуп келсин. Адиль Кыргыз деген жигит кыйкырып жатат, “...митингде мен курткамды айрып алдым, Түлеев кетсин!”- деп. Дагы жакшы шымын айрып албаптыр, анда дароо эле президент болом деп чыкмак экен! Асхат Осмонов булардын ичинен билимдүү экен. Бирок, ал өзүнүн саясаттагы өнөктөшү Сыймык Жапыкеевге жардам берип, анын жанына барса болмок. Бул дагы аша чаап, буга чейин топтогон кадыр-баркын төмөндөтүп жатат. “Люстрация” болуш керек деген шылтоону бетине кармап алган “Реформа” партиясынын мурунку мүчөсу Акжолтой Токонов, "Ордо" партиясынын мүчөсү Лира Усубалиевалар жалган ушактарды таратып, кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирип, маалыматтык манипуляция кылышууда. Эмне люстрацияны ушундай шантаж, ушак-жалаа жолу менен кыласыӊарбы? Силерге ким укук берди “люстрация кылгыла” деп.

Абдан өкүнүчтүүсү бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын алдына чыккан топ, “түшкө чейин бул жакка чыгалы, анан барып аэропортко баралы”-деп сүйлөшүп жатканын уккандар болуптур. Силер качан түшүнөсүӊөр? Мамлекетке зыян келтирип жатканыӊарды? Ансыз дагы чогулган элди тукуруп Акүйдү ж.б бир катар обьектилерди, унааларды талкалап, өрттөп салган окуянын башында болдуӊар. Ошол зыяндын бары кимдин капчыгына күч келтирип жатат, кайра эле өзүбүздүн? Мамлекетке ири суммадагы салыктарды төгүп, киреше алып келген ишканаларды жөн иштетпей, басмачылык, маалыматтык террорчулук кылып тажаттыӊар! Бир нерсе болсо эле “...бул Бакиевдин куйругу, бул баланча партияда жүргөн...”-дейсиӊер. Бакиевдин куйругубу, Атамбаевдин куйругубу, азыр батырак мамлекеттик машинаны алдыга жылдырып, жашап кетиш керек.

Алдыда кыш, коронавирус деген сыноолор турат. Көчө чаӊытып, айкырып кыйкырган бекерчилер үйүӊөргө тарагыла. Шайлоону шылтоо кылып президентти кетирдиӊер, дагы деле силер ыраазы болбой тополоӊ салып жүрөсүӊөр. Эми шаардыктарга тоскоол болуп, тынч жашоону бузуп, маанайды түшүрүп жатасыӊар! Кыскасы тажаттыӊар!

Элмира Мадиева, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости