www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга 11-июнда, ОБСЭнин генералдык катчысы Ламберто Заньер 12-13-июнда келет. Андан кабардар болгон “Сөз эркиндигин коргоо» комитети аларга жолугушууну көздөп, аларга кат жолдошкон. Бирок, алардан ойдогудай жооп болгон эмес. Ал боюнча аталган комитеттин жетекчиси Адил Турдукулов мындай деди:

«Биз, “Сөз эркиндигин коргоо” комитети Кыргызстанга келаткан БУУ жана ОБСЕнин башчыларына жолугушуу боюнча кат жолдогонбуз. Тилекке каршы, алардан сыпайы жооп келди. Ал катта башчылардын убактысы тар экендиги жазылган. Ошондон улам биз жолуга албайт экенбиз. Буга чейин келген Эл аралык уюмдун башчылары жарандык коомдун өкүлдөрү менен такай жолугуп кетчү. Бул жылы андай болбой турат. Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй сөз эркиндигине болгон басым, кысым жана оппозицияга саясый кугуунтук күчөгөнүн көрүп жаткан БУУ жана ОБСЕ сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар үн катпай жаткандыгы таңгалычтуу болууда. Ошондуктан биз, кайдыгер эмес жарандар, биздин мамлекетте болуп жаткан терс көрүнүштөр боюнча кат жазып, аны БУУнун башчысына тапшыруу үчүн БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында эртең саат 10.00 чыгабыз!” .

Булак: NazarNews.kg

Последние новости