www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Адил, жаңы келген бийлик тышкы саясатты кандай жүргүзүп жатат?

--Тышкы саясаттын көп кыры бар, аны дароо аныктоо кыйын, убакыт гана таразалайт. Аяк салышы жакшы, бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чегара маселеси чечиле элек. Бул көйгөй чечилип, делимитация жана демаркация жүрмөйүнчө алака катыштын бир нукка түшүшү кыйын, тагырак айтканда саясий жана экономикалык карым-катышты тыңгылыктуу жүргүзө албайбыз. Албетте, азыр муз ордунан жылып, Өзбекстан менен мамиле жакшырды, бирок түйүндүү көйгөйдү чечүүдө чечкиндүү кадамдар ташталбай жатат. Мунун жүйөлүү себептери бар, мисалы А.Акаев Кытай менен болгон чегараны чечкенде «Үзөңгү-Куушту сатып жиберди» деген, кийин К.Бакиев убагында Казакстан менен чечкенде «Каркыраны сатты» деген сөз калган. Ошондой сөздөн чочулаган Атамбаев батына албай, бир метр дагы чек араны чечкен жок. Анын айынан чек-арабызда адамдардын ден соолугуна зыян келген, өмүрү кыйылган жаңжалдар катталып келе жатат. Муну тез арада чечпесе, кырдаал барган сайын татаалдаша берет. Азыр да чекарага чечкиндүү киришелек, бирок жакында чоң кадам ташталып, Барак айылын алмаштыруу иши башталды. Бул эң туура, муну жалпы эл колдойт. Демек, кошуна өлкөлөр менен мамиле туруктуу жүргүзүш үчүн эң алды делимитация жана деморкация ишин жүргүзүү керек. Эгер Сооронбай Жээнбеков азыркы түзүлгөн шарттын алкагында ушул ишти аягына чыгарса, ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат.

--Мурунку бийликке салыштырмалуу азыр алака-катыш алдыга жылды да, туурабы?

--Эч кимден жашыра албайбыз, Атамбаевдин учурунда эларалык мамиле өтө начар чекке жетти. Өзгөчө коңшу мамлекеттер менен мамиле абдан бузулду. Адегенде И.Каримов менен чатакташып, кийин Н.Назарбаев менен кайым айтышып, кырды-бычак болду. Мунун залакасы жалпы мамлекетке тийип, экономикага чоң сокку урду. «Камбарата» ГЭСи боюнча Россияга жаман көрүнүп, «Себат» боюнча Түрция менен чырдашып, Беларуссия менен да мамилебиз солгундаган. Мындан биз бир нерсеге ынанып, парламенттик өлкө делген Кыргызстанда Президент чечүүчү фигура экенин көрдүк. Ал эми Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин тышкы саясат кадимкидей өзгөрдү, биринчи кезекте Казакстан менен мамилени оңдоп, андан кийин Өзбекстан, Тажикстан, Кытай ж.б. алака чыңдалды.

--Кытай демекчи, бул өлкө менен иш алып баруучу эң негизги кайсы багыттар бар?

--Кытай биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү өлкө, ошол эле мезгилде биздин өлкө да Кытай үчүн маанилүү. Себеби Кытайдын тышкы саясатынында коңшу мамлекеттер менен туруктуу мамиледе болуу - алардын башкы максаты. Кытайдын биз менен болгон алакасында экономикалык маселелер биринчи орунда экенин билишибиз керек. "Жерибизди басып алат" деген пикирлерге анча ишене бербейм, себеби Кытайдын ички көйгөйлөрү бар. Мисалы, Синьцзян уйгур аймагы, ал жер биз менен чектеш. Ал эми кызматташтыкта Кытай менен эң башкы долбоордун бири бул газ түтүгү турат, муну терең талдап, биздин кызыкчылыкка дал келгендей кылыш керек. Себеби, 3-4 миллион ижара үчүн гана каралган, эгер бардык жагын дыкат карасак, 50 миллион долларга чейин пайда келтирүүчү мүмкүнчүлүк бар. Ага катар Алай өрөөнүн өнүктүрсө болот. Экинчи ири долбоор Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу, бул биздин өлкөнүн өнүгүшүнө чоң жол ачат. Үчүнчү ири долбоор Түнтүк-Түштүктү байланыштырган магистралдык жол. Бул мурунку бийликтин учурунда башталды, эми Сооронбай Жээнбеков аягына чыгарса тархта калчу иштин бири болот.

--Россия менен болгон байланышчы?

--Россия менен мамиледе эң алды тактык, ачыктык керек. Мисалы, алдык деп жаткан насыялар бизге толук келдиби, алар кайда жумшалды, канчалык негизде эфективдүү иштеп жатат деген нерселер бүдөмүктөлбөй, баарыбызга ачык болушу керек. Биз Россия менен гидроэнергетика тармагында байланышты күчөтүп, мурунку бийликтин катачылыгынан улам ишке ашпай калган долбоорду жандантуу керек. Эгер Камбарата-2 ГЭСи бүтсө, бизде энергетикалык коопсуздукту гана камсыздабастан, сууну пайдалануу булагын табабыз. Негизи, Кыргыз мамлекети коңшу өлкөлөр менен тыгыз мамиледе болушубуз керек.

--Турция мененчи?

--Турция биздин чоң өнөктөш, биздин тамырыбыз бир. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин күчөтүшүбүз зарыл. Були ш-чара бизде эки жыл мурун өтүшү керек эле, бирок Атамбаев Казакстан жана Туркия мамлекеттеринин лидерлери менен мамиле төзалбай, жеке эмоциясын мамлекеттин үстүнө чыгарып алгандыктан саммит өтпөй калган. Быйыл өттү, мунун келечеги чоң. Биз коркпостон бул саммитте активдүү ролду ойношубуз зарыл.

--Түркия менен болгон мамилени гуленчилердин «Себаты» бузбайбы? 

--Атамбаев Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айткан талаптарына жарым-жартылай ынанып, "Себаттын" аталышын өзгөртүп, башкаруу формасын дагы өзгөртүүгө кадам таштаган. "Себат" кечээ эле пайда болуп калган мекеме эмес. Алар Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан баштап эң сапаттуу, алгылыктуу билим берип келген. Эл аралык олимпиадаларда ийгиликке жеткирген. Ошондуктан менин оюмча, "Себатты" жабуу туура эмес. Мен "Себатты" террорчу, экстремисттик уюм катары тааныбайм. Анткени ошол билим тармакта окуган биздин тааныштарыбыз дагы бар, алар эч кандай террорист эмес. Окуу жай көзөмөлдөнүшү керек, бирок жоюу туура эмес. Анкара тарабынан "Себат" менен бирге башка да мекеме иш жүргүзсүн десе, буга жол ачылышы шарт. Аталган окуу жай жоюлса каршы чыгабыз. Түркия бийлиги ички саясатын биздин мамлекетке таңуулаганы туура эмес. Бул басымга биздин бийлик туруштук бериши зарыл.

--130 гуленчини өткөрүп берүү талабы дагы коюлуптур, аткарыш керекпи?

--Терроризмди тескөө үчүн бизде дагы атайын кызматтар иштеп жатат, бирок «Фето» деген гуленчилердин уюму бизде террорчу деп катталган эмес. Эгер арасында экстремисттик көз караштагы адамдар болсо өткөрүп бериши керек.

--Жалпы алганда тышкы саясатта кемчиликтер барбы?

--Азырынча тышкы саясатта кемчиликтер жок. Сооронбай Жээнбеков көп векторлуу саясат жүргүзүү керектигин түшүнүп, багытын жакшы тандады. Мындан ары да бир мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол бербейт деп ойлойм. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековго тышкы өлкөлөрдөн да ишеним бардыгына күбө болдук. Жолугушуулар болуп, башка мамлекеттер чакырып жатканы, үлкөн самиттер Кыргызстанда өтүп жатканы дагы С.Жээбековдун эларалык деңгээлдеги кадырына байланыштуу. Биздин президентти бир гана кыргыз эли тааныбастан, тышкы мамлекеттер тааныгы чоң жеңиш. Ушул нуктагы саясат мөөнөтү бүткөнгө чейин улунат деген ишеним бар.

Зулпукаар Сапанов

Булак: "Де- Факто"

 

Последние новости