www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы 4-ноябрда Башкы прокуратура ал учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Ө. Бабановго Кылмыш жаза кодексинин «конститу­циялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар ара­лык, расалык же диний кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш иши козгогон. Анан калса ошол так талаш учурундагы теледебатта С. Жээнбеков Бабановду «Эй, балапан коррупцияга каршы күрөштү бирин­чи сенден баштайм. Сага бере турчу бир эмес жыйырма беш суроом бар» деп опурулганын бүт Кыргызстан көргөн. Көп өтпөй Ө. Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин негедир дым-дырс болуп калган, ал маселе.

Мурдагы күнү Кыргыз мамлекетинин Коопсуздук кеңешинин жетек­чилиги Бабанов боюнча учурда тергөө иши жүрүп жатканын, ага издөө жарыяланганын айтты. Өмүрбек Токтогулович болсо океандын ары жагына же кайсы бир алыскы континентке дайнын таптырбай кетпей эле ээн-эркин Москвада жүргөнү, жакында эле соцсеттерде, болгондо да сүрөттөрү менен чыкты. Ушундан улам укуругу узун бийликтин ага колу жетпей же аны таппай атканы бир чети таң калтырса, бир чети ар кандай ойду пайда кылат экен.

Булак: "Айгай"

Последние новости