www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен айрым басылмаларга жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга арыз менен кайрылыптыр. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Эми күлкү келе турган нерсе да. Өздөрү убагында кандай ыплас иштер менен алек болду эле? Биз жазган маалыматтар эл арасындагы айтылып эле жүргөн сөздөр. Муну саясатчылар деле колдонуп жүрбөйбү? Биз эл арасында кандай сөздөр болуп жатканын Атамбаев жана анын жакындары уксун деген максатта берип жатабыз. Атамбаевдин тушунда ММКларга кандай буйрук берилип келгенин көпчүлүк билет. Биз эч кимдин буйругужок иштеп атабыз. Атамбаевдин убагында деле оппозицияны башка-көзгө тепкилеп жатканда гезиттерди неге карабады экен, азыркы кайрылуу жазгандар? Анан тиги тарап журналистикалык этикет десе аябай таң калдым. Болгону алар өздөрү кийип жүргөн,"Маdе in Atambaev" деген этикеткадагы шинелди бизге кийгизип, этикет жөнүндө сүйлөп жаткандай... Таң калыштуусу, Алмазбек Шаршеновичтин алдындагы желдеттеринин акылы кыскалыгы болуп калдыбы, айтор өткөн жылдагы гезиттердин бетин барактап койсо жакшы болот эле.

Назик Кудайбердиева

Булак: "Де- Факто"

Последние новости