www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Адилет Айтикеев азыр Америкада. Ал жакта жүргөнү менен Кыргызстандан кабар алып турат. Фейсбукка активдүү катышат. Өзүнүн баракчасына мындай деп жазыптыр:
--Турсунбай агамдын постун окуп алып өтө капа болдум.Турсунбай аке, бул пикириниз өтө ашыкча болуп кетиптир. "Эгерде биздин молдолор, муфтият теңирчилерге жаназа окубай койсо, же аларга мусулман көрүстөнүнөн орун бербей койсо, алар тыйылат эле" деген ойду айтыптырсыз.
Айланып кетейин аке, эми теңирчилер да өз жеринде өгөйлөнүп баштадыбы?! Маселен, мен мусулман, ал эми атам теңирчилик деп жүрсө, анда экөөбүз эки башка көрүстөнгө көмүлөбүзбү?! Кайдагы жок жорукту баштап жатасыз акебай?
Эгер такташа келе турган болсок, анда жер эч бир диний конфессияларга тиешелүү эмес, жер бир гана мамлекетке тиешелүү. Мамлекет кандай бөлүштүрсө ошондой болот. Мен дагы башка секталарга, Аллах Тааланын жолуна каршы чыккандардын аракетин колдобойм! Бирок ошол эле учурда, алардын кыймыл- аракетин тыйганга мага эч ким укук берген эмес. Мыйзам чегинен ашып баратса, анда атайын органдар бар.
Мамлекеттик органдар оппозицияны куугунтуктаганды коюп, так ушундай улуттар аралык жана диндер аралык касчылыкка үндөгөн аракеттерге кескин түрдө чара көрүшү зарыл!
Булак: «NazarNews.kg»