www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыныбай Акунович айтып жаткан коопсуздук белгилерди тереңдик башталган жерге, жоктон көрө жогору деп туруп, КЫПКЫРГЫЗЧА эле ЖИПКЕ БАКАЛАШКА тизип коюп коюуга болот беле?
Пансионатта куткаруучу жок болчу ошол учурда, бирок жарым карыш жылбай ооздон акча чогулткан кассир бар! Дегеним, куткаруучумун деп жаткан кызыл кепкачан жигит, Акундун айланасын тоскон темир торчонун дарбазасында кароолдо отурган, пансионатка кирүүнү каалагандардан 300 сомдон чогултуп. Ал анан кандайча куткаруучу болуп калды?
Куткаруучумун деген жигит келген убакыттан дагы айырма чыгып жатат камерадагы учур менен! Жакшылап чийки кадрды алып текшерип чыгуу керек. Эгер кесилген болсо кадр үзүлүп (скачок) айырма чыгат!
Мен мындай коопсуздугу сакталбаган пансионаттан баш тартууга чакырам! Ансыз дагы кыска жашоодо аманчылык керек!- дейт журналист Адилет Чубаков.
Эске сала кетсек, "Акун" пансионатында эс алып жүргөн КТРКнын журналисти Адилет Чубаков Улан Эгизбаевди суудан алып чыгышканда көргөн, бирок тааныган эмес. Ал ошол учурда Эгизбаев экенин тааныбай ,“Акун” пансионатындагы шалаакылык, сугалактык, куткаруучулардын жоктугу тууралу видеотасма тартып баяндап жатканда, арткы планда Улан Эгизбаевди ооруканага алып кетип жатышкан врачтар видеокадрга түшүп калган.
http://www.nazarnews.kg/news/24483
Булак: NazarNews.kg