www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатта болобу, же коомдук турмуштабы кучакташып дос болуу же ача жолго түшүүдө көпчүлүк убакта сураган, суранган нерселердин аткарылбай калышынан улам болот. Эмгек кылдым эле эми кызмат бер, же болбосо баланча деген тууганымды жумушка орноштур, тигил ишимди бүтүрүп бер жана башка ушул сыяктуу суранычтар турмушта колдонулуп келет. Көпчүлүгү ою ордунан чыкпай калса ошол замат оппонент болуп, душманга айланат. Бул туура эмес деп эсептейм. Мамлекет үчүн кылган эмгегиңди эч качан колко кылба, эмгегиңди соодалаба. Мен үчүн мамлекет эмне кылып койду деп эмес, мен мамлекет үчүн эмне кылдым деген ойдо болушубуз керек. Кызмат үчүн эмес, өлкө үчүн мээнет кыл. Ошондо өлкө өнүгөт, ошондо коом тазарат.
Кыргызстандагы саясий абал кээде ысык кээде суук болуп келет. Экс менен бүгүнкү ажобуздун ортосундагы мамилени билгени билбегени да талкуулап жатышат. Эки киши урушабы, кайра жарашабы ал жеке экөөнүн иши. Ачуу чындыкты ушул жерден айта кетейин. Бүгүнкү күнгө алып келген так ошол кечээки Сооронбай Шариповичтин оппоненттери. Бүгүнкү ажобузга каршы добуш бергендер. Анткени алардын көздөгөнү так ушул болчу. Экөөнүн ортосуна от коюп, жаңы бийликти алсыратып, бир эки жылдан соң чабуулга өтүү эле. Бул максаттары ишке ашты. Учурда токтоп калышпай, Сооронбай Шариповичке буту үзүлгөнчө иштегендерди анын душманына айлантып, өзүлөрү тим эле туугандан жакын түр көрсөтүп келишет. Албетте, алардын ар биринин жеке кызыкчылыгы бар, ошол себептен ушундай кадамга барып жатышат. Сооронбай Шарипович жана анын кеңешчилери баарын баамдап, байкап тураарын эстен чыгарбоо керек. Алардын да "китепчеси" бар, ал жакта өзүнчө түзүлгөн "тизме" бар. Ошол тизменин кайсыл жагында экениңерди өзүңөр деле билсеңер керек.
Ачыгын айтсак Атамбаев Жээнбеков экөө урушкан деле жок. Болгону саясий көз караштардын "орун алуу" процеси жүрүп жатат. Мына ушул учурду жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр пайдаланууда.
Өткөндө С.Жээнбековдун жасаган ишине оң баа берип пикиримди жазсам бир окурман "Адилет сен пахтаны калың коюп, президентке кошомат кыла баштапсың" дейт. Албетте, мен ар кимисинин жеке оюна пикир жазып алар менен айтышпайм. Болгону сырттан баам салып, ар бир жазган автордун денгээлине баа берем. С.Жээнбековго күнү-түнү иштегендердин бири экенимди биле жүргүлө. Пахтаны ким коюп, принцибинен тайгаланып кеткен ким ошондо...?
Эң негизги нерсени айткым келет. Бийликте турганда ултан болуп, кеткен соң султан болбоого чакырам. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков тактыга олтурган соң аны мактап, эртең кеткен соң анын душманына айланбагыла. Эгер чындап патриот болсоңор бүгүн принцибиңерди көргөзүп бетине айткыла. Эл үчүн кызмат кылып атканын байкасаңар колдоого алгыла. Кемчилиги болсо Жанар Акаев айтмакчы бийликте турганда ачык сындагыла.
Ажо болуп келгенине бир жыл дагы боло элек. Убакыт бар. Ылайым бүгүнкү күндөй болуп өлкө башчыбызга колдоо көрсөтөлү, мейли сөз менен болсун, мейли иш менен. Жеке кызыкчылыктар үчүн президентибизди мактап, эртең кызматка илинбей калсаңар же талабыңар аткарылбай калса душманына айланбай, мамлекет үчүн жапа тырмак ынтымакта иш кылалы.
Ыйык орозо айында жаман сөз жазбай, суук сөздөр да орозо кармасын, - деген пикирин Адилет Калыгулов, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg