www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөттөгү Төлөгөн дегендин аялы толготуп төрөтканага жатат. Көз жарып үйгө келген соң 5 жашар кызынын ахыбалын байкап оруканага кайрылса, ал жактагы догдурлар кыздын тигил жагы "разрыв" болгонун айтышып милицияга кабарлашкан...

Бүгүнкү күндө КЖКнын 104-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиги аңги камакка алынды.

"Баатыр" тууралуу кыскача айта кетейин. Бул жигит жарым жыл мурда тааныштарым аркылуу мага келген. 4 балам бар, жашоом кыйындап кетти, колуңуздан келсе жардам кылып коюңузчу деп. Эмне иш кылганды билесиң десем илибой деген. Айдоочулук күбөлүгүнө акча бердим, окуусун бүткөн соң машина алып бердим. Арадан бир жума өтүп, машинаны бузук абалында тааныштырган кишиге таштап кетип калган. Ортодо мага карыз болуп калды.

Кээде келип үйдөгү майда-чүйдө иштерди кылып кетип турчу. Акысы үчүн маянасын да алчу. Бир күнү келинчегим "бул жигиттен коркуп атам, көздөрү бир кызыктай экен", - деген эле. А мен болсо "жөн турчу, сопсонун эле жигит, эмне барынын көзү меникиндей приятный болуш керекпи", - деп тамаша иретинде Төлөгөнгө болушуп койгом...

Эми минтип 5 жашар кызына "секирип" анык жүзү ачылып турат. Негизи аялдарыбыздын сөзүн да уга жүрүшүбүз керек экен. Алар сезгич болот тура.

Төлөгөндү темир тор артында кандай жашоо күтүп турганын силер сурабай эле койгула, мен айтпай эле коёюн. Бери жагы 20 жыл, аркасы өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Атасынан "кордук" көргөн кичинекей кызга Кудай ден соолук, өмүр, бакыт берсин...

Баса, бул жигиттин өкүл атасы милиция кызматкери. Кылмыш ишин бурмалап, шектүүнү бошотконго аракеттер болуп жатканын мага жашыруун түрдө кабарлашып, жардам берүүмдү өтүнүп жатышат. Шартка жараша алардын ысымдарын айта албайм!

Адилет Калыгулов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости