www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маршрут айдоочулардын аркасында САЯСАТ бар. Байкотту бүткүл айдоочулар койгон жок. Алардын арасында активистер анан тырмакчадагы смотрящийлери бар. Мына ошолор аркылуу кайсыл бир күчтөр Өкмөткө "өөй" деген репетиция кылышууда.
Эми ошол "талапчы айдоочулар" өздөрү айдоочуга коюлган талаптарды толугу менен аткарышабы? Жок! Анан андай "косяковый" айдоочу Өкмөттөн бир нерсе талап кылууга кантип духу жетсин. Жетпейт! Болгону алардын аркасында дух берип аткан кайсыл бир күчтөр турат...
"Жолдордо ЫҢГАЙСЫЗ абал жаралды, жолдор тыгынга учурап, жүргүнчүлөр кыйналып жатышат" деп айтып атышат. Бирок, ушундай ЫҢГАЙЛУУ учурдан пайдаланып тийешелүү органдар шаар ичиндеги кичи автобустардын ордуна чон автобустарды ишке киргизсе сонун болот. Ошондой эле азыртан баштап маршрут айдоочуларына да талаптарды катуу коюш керек, жол эрежесин, мыйзамды бузган айдоочуларды гана эмес, о.э. фирманын да анын ээсин да жоопко тартып, лицензияларын кайра текшерип чыгуу керек.
Статистика боюнча былтыркы жылы өлкөдө кичи жана чоң автобус айдоочулары катышкан 626 жол кырсыгы катталган, 1164 киши жаракат алып, 63ү каза болгон. Бишкек шаарында 252 жол кырсыгы болуп, 408 киши жаракат алса, 2 киши каза болгон. Баса белгилей кетчү жагдай, аталган жол кырсыгы кичи жана чоң автобус катышкан гана жол кырсыктары.
Эртең эмес айдоочулар бүгүн эле кечке жуук жолго чыгышат, эл ташып оокатын кыла башташат. Өз нанын өзү таап аткан карапайым айдоочуларды саясий курал кылбай эле коюшса. Аларга саясаттын бир тыйын кереги жок. Эртең үй-бүлөсү ачка калса саясат аны тойгузбайт, тескерисинче алар саясатка тоюп бүтүштү. Мындай пикирин Адилет Калыгулов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Булак:NazarNews.kg