www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 19-майда, Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгынын маселелери талкууланды, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштуу пикир алмашуу болду. 

Адилет Орозбеков КЭР коомдук коопсуздук министрлигинин башчысына 2026-жылдын 14-майында Бишкек шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга катышууга жоопкерчилик менен мамиле жасаарын өзгөчө белгиледи.

 

Последние новости