www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 19-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого, элдер ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө багытталды.Салтанатка Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Тажикстан Республикасынын маданият министри Матлубахон Сатториён Амонзода, чыгармачыл делегациялар, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Ачылыш аземинде министр Мирбек Мамбеталиев кыргыз-тажик маданий байланыштары акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, театр, музыка, кино жана адабият жаатындагы биргелешкен кызматташтык эки мамлекет башчыларынын колдоосу менен мындан ары да бекемделерин белгиледи.
Концерттик программа “Достук салтанаты” аттуу композиция менен ачылып, тажик элинин улуттук жана классикалык өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү тартууланды. Кечеде Тажикстандын белгилүү ырчылары, музыканттары жана “Лола”, “Парасту” бий ансамблдери өнөр көрсөтүштү.
Тажикстандын Маданият күндөрү алкагындагы иш-чаралар 21-майга чейин улантылып, көргөзмөлөр, жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулат.