www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-май күнү Ош облусунун Озгур айылында Ак-Буура дарыясынын гидрологиялык абалын көзөмөлдөөчү заманбап автоматташтырылган станциянын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Жаңы станция сел, суу ташкыны жана башка табигый коркунучтарды алдын ала аныктап, дарыянын деңгээли тууралуу маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берип турат. Бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, ыкчам чара көрүүгө жана калктын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Ачылыш аземинде КР ӨКМдин Мониторинг жана прогноздоо департаментинин директорунун орун басары Таалайбек уулу Данияр жана ПРООНдун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаврмен сөз сүйлөп, мындай станциялар климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында калктын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын белгилешти.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго станциянын иштөө тартиби тааныштырылып, буга чейин Барпы, Майдан, Жаңы-Ноокат жана Орозбеков айылдарында орнотулган станциялардын натыйжалуулугу тууралуу маалымат берилди. ӨКМ менен ПРООН биргеликте ишке ашырып жаткан бул демилге табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюудан мурда, аларды эрте аныктоо жана алдын алуу багытындагы маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.

Последние новости