www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-июнда кол койгон.
Документке ылайык, айлык акы сот өндүрүшү тутумун өркүндөтүү, ошондой эле мекеменин ишинин сапатын арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көтөрүлдү.
Токтом расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирери каралган.
Токтомдогу тиркемеге ылайык, техникалык колдоо адиси 40 миң сом, директор 100 миң жана архитектор 120 миң сом маяна алат.
Булак: NazarNews.kg