www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын төрагасы болуп Жумгалбек Шабданбековдун дайындалганына бир айдан ашты. Коомчулукта эми мындан ары атайын кызматта жаңылануу, өзгөрүүлөр орун алып, Кыргызстандын коопсуздук системасы жаңы баскычка көтөрүлөт деген үмүт бар. Анткени, Шабданбековдун өмүр жолу жана кесиптик тажрыйбасы анын бул жооптуу кызматка бекеринен келбегенин айгинелейт.
Ал салык кызматынан баштап, узак жылдар бою коопсуздук органдарында иштеп, системанын ички механизмдерин терең өздөштүргөн адис. Айрыкча акыркы жылдары УКМК төрагасынын орун басары жана Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы катары топтогон тажрыйбасы, аны кризистик шарттарда чечим кабыл ала билген жетекчи катары калыптандырды. Андыктан жалпы системаны жаңылоого багытталган стратегиялык чечим, жөн гана кадрдык алмашуунун деңгээлинде сенек болуп катып калбашы керек.
Чынын айталы, акыркы жылдары УКМКнын кадыры бир кыйла түшүп кетти. “Маска-шоу”, ашыкча күч колдонуу, бизнеске басым көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөр бул органга болгон ишенимди солгундатып койгон. Дал ушундай шартта Шабданбековдун мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоодо “маска-шоусуз күрөшүү”, мыйзамдуулукту сактоо жана системалуулукка өтүү тууралуу билдирүүлөрү азырынча коомдо үмүт жаратты.
Албетте, “жакшы болуш аста-аста, жаман болуу бир паста” дегендей, төмөндөп кеткен ишенимди көтөрүү оңой-олтоң иш эмес. Ал үчүн популизмден алыс болуп, жаңыча ой жүгүрткөн прагматикалык көз карашка артыкчылык берүү абзел. Дегенибиз, эскирген, катаал аскердик ыкмаларга байланбай, башкаруунун мыйзамдуу, жарандык ыкмаларына өтүү заман талабы.
Демек, майда-чүйдө иштерден, коркутуп-үркүтүүдөн баш тартып, мамлекеттин коопсуздугунун негизги багыттары болгон чалгындоо, контрчалгындоо, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшкө көңүл буруу зарыл. Бул дүйнөлүк практикадагы коопсуздук органдарынын так аныкталган милдети. Негизи эле атайын кызматтын иши, кайсы бир деңгээлде купуя, жабык болушу шарт. Ар кимдин тааныш-билиштик менен кызматка киргизген компетентсиз кадрларынын уюгуна айланбашы кажет.
Арийне, реформаларды жүргүзүү жеңил болбойт. Каршылыктар болот, эски системанын калдыктары тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бирок бул кыйынчылыктарды жеңүүгө Шабданбековдун тажырыйбасы, башкаруучулук жөндөмү, саясий эрки жетиштүү деп тилек кылып туралы.
Алгачкы кадамдары жаман эмес. Ички иликтөөлөр жүргүзүлүп, мыйзамды бузган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган бир катар кызматкерлер кызматтан четтетилди. Мунун өзү системада тазалоо башталганын билдирет. Мындай кадамдар оор, бирок зарыл. Анткени реформа биринчи кезекте кадрдык сапаттан башталат.
Эң маанилүүсү, Шабданбеков УКМКны саясаттан ажыратуу керектигин ачык айтууда. Эгер бул принцип иш жүзүндө ишке ашса, анда атайын кызмат чындап эле мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылган нейтралдуу институтка айланат. Бул болсо өлкөдөгү туруктуулукту камсыздап, инвестициялык климатка түздөн-түз оң таасирин тийгизет.
Бүгүнкү шартта УКМКнын мурдагы “бөрк ал десе баш алган” образын акырындык менен өзгөртүп, ордуна мыйзамдуулукту, тактыкты жана профессионализмди туу туткан жаңы форматты калыптандыруу парз. Мындай девиз төрага Шабданбековдун кулагында добулбас сыңар кагылып, коңгуроо болуп жаңырып турууга тийиш.
Эгер жарыяланган реформалар ырааттуу ишке ашса, анда УКМК өзүнүн мурдагы аброюн кайтарып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган күчтүү, заманбап органга айланарына ишенсек болот. Бул ишенимди актоо, эми толугу менен Жумгалбек Шабданбеков баштаган команданын колунда десек жарашат.
Алмаз Темирбек уулу