www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ» долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.И. Дуйшеев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Т.К. Садыров, ошондой эле Авлетим, Арка, Ала-Бука, Балыкчы, Жумгал, Лейлек, Талас, Кара-Кульжа, Ош жана Үч-Коргон токой чарбаларынын жетекчилери жана долбоордун адистери катышты.
Аталган демилге Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылып, токой ресурстарын туруктуу башкарууга, деградацияланган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жергиликтүү жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
Долбоордун алкагында 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү, жаңы токойлорду өстүрүү жана табигый калыбына келүү процесстерине көмөк көрсөтүү боюнча кеңири иштер пландалууда.
Бул багытта токой чарбалары тарабынан иштелип чыккан жаратылыш ресурстарын башкаруу пландары кылдат талдоодон өткөрүлүп, тиешелүү баалоо процедураларынан өткөн. Мындан тышкары, 2025-жылдын сентябрь-октябрь айларында Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү Токой кызматы менен биргеликте өлкөнүн бардык аймактарында 34 токой чарбасынын 109 кызматкерине атайын окутууларды уюштурган.
Биринчи этапта сунуштары жогору бааланган 10 токой чарбасы тандалып алынып, мамлекеттик токой фондусунун 1590 гектар аянтында иштерди жүргүзүү үчүн жалпы суммасы 81 млн 179 миң 450 сом болгон гранттык макулдашууларга кол коюлду.
Аталган иш-чаралар КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн «Жашыл мурас» улуттук демилгесине да шайкеш келет.
Кол коюлган макулдашууларды ишке ашыруу токой ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууга, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.