www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мырзабекова коронавируска каршы күрөштөгү иши үчүн (көзү өткөндөн кийин) “Альма матер” ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу КММАнын басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлоо COVID-19 менен ооругандарды дарылоого катышкан КММАнын мугалимдерине, кызматкерлерине жана студенттерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде белгилүү болду.
Адинай Мырзабекова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти болчу. Ал пандемия учурунда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан.
Кесиптештеринин айтымында, маркум стационарда 11 күн иштеп, эч жери ооруган эмес. Бирок медициналык кызматкерлер бардык күчүн жумшап, саламаттыгын аябастан иштеп жатышканын айтышкан. Ал 13-июлда, алдын-ала маалыматтар боюнча, эки тараптуу пневмониядан улам көз жумган.
Булак: NazarNews.kg