www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус жугуп, ковид менен ооруган адамга дароо антибиотик бербеш керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна медицина илимдеринин кандидаты Борис Чурадзе билдиргенин РИА Новости жазды.
"Коронавирус жаңы жуктуруп ооруп жаткан адамды антибиотик менен дарылабаш керек. Көпчүлүк учурда коронавирус болгондор бактериялык инфекцияны оорунун экинчи этабында илештирет. Ошондо гана антибиотик колдонсо болот, бирок дарыгердин көрсөтмөсү менен", — деген медик.
Ал антибиотик менен өз алдынча дарылануу, өзгөчө коронавирус жаңы жуктурганда колдонуу кооптуу экенин эскерткен.
"Антибактериалдык препараттар иммунитеттин сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Иммундук системанын милдети — вирустук инфекция менен күрөшүү. Эгер антибиотикти жөнү жок колдоно берсе, ал иммундук системанын иштөөсүнө жолтоо болуп, организм үчүн керек болгон маалда таасирин жоготуп коёт. Аны дарыгердин көрсөтмөсү менен гана убагында ичүү кажет", — деген Чурадзе.
Адис оорунун белгилери байкалса, сөзсүз медициналык жайга кайрылууну сунуштап, эмдөө менен гана дартты алдын алып же жеңил жеңсе болорун белгилеген.
Булак: NazarNews.kg