www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конъюнктивит кишинин "омикрон" штамын жуктуруп алышынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу британиялык терапевт Нина Асламдын айтканына таянып РИА Новости жазды.

Адистин түшүндүргөнүнө караганда, көздөгү рецепторлор аркылуу коронавирус адамдын организмине кирип кете алат. Мындай рецепторлор көздүн эң ички чели жайгашкан жердеги клеткаларда, көздүн белогунда жана ирмөөчтөрдө жайгашкан.

Конъюнктивит "омикрон" штаммынын белгилери билинбей өтүп жаткан учурда да пайда болушу мүмкүн.

Конъюнктивит — көздүн чел кабыгынын аллергиядан же инфекция кирип кеткенде жаралган оору. Кээде аллергия көзгө кир, чаң кирип кеткенде да пайда болот.

Буга чейин иммунолог Владимир Болибок "омикрон" штаммга мүнөздүү белгилерди атап берген. Алардын ичинен эң көп кездешип жаткандары: тамактан катуу кармайт, мурун бүтөт, кургак жөтөл коштойт, эт ысыйт, алсырап жана баш сынып кетчүдөй ооруйт.

"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости