www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эделбек Кулматов жаңы кызматка дайындалды

Кулматов Эделбек Маматкулович өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Резюме:

Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Михайловка айылында туулган.

Билими — жогорку: кесиби боюнча юрист.

Класстык чини: 2-класстагы юрист.

Эмгек жолу:

- 2004-2008-жылдары — Жалал-Абад шаардык сотунун катчысы;

- 2008-2018-жылдары — жеке компанияларда юрист;

- 2018-2020-жылдары — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2020-жылы — Президенттик администрацияда эксперт;

- 2020-2022-жылдары — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости