www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун "омикрон" штаммын тирүүлөй вакцина деп эсептеп, аны өзүнө атайылап жугузуп жаткандар жаңылышат. Бул тууралуу Орусиядагы Элдер достугу университетинин инфекциялык оорулар кафедрасынын доценти Сергей Вознесенскийге шилтеме берип РИА Новости жазат.

Адис көпчүлүк бул штаммды жугузуп алгандан кийин жеңил формада ооруп жатканына карабай, каза тапкандар да бар экенин эскертет.

"Бүгүнкү күндө Москвада коронавирус жугузгандардын 80 пайызынан "омикрон" табылууда. Ал эми өткөн суткада 73 киши каза болду. Бул цифралар кооптондурбайбы? Азыр вирусту атайылап жугузгандар бар. Москвада Анастасия аттуу аял ооруп жаткан туугандарыныкына барып өзүнө жана үй-бүлөсүнө жугузуптур. Ошол бойдон дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип, өтүшүп кеткенде барган. Бирок ак халатчандар анын өмүрүн сактап калууга үлгүргөн жок", — деп айтып берген Вознесенский.

Инфекционист кошумчалагандай, толук жана ишенимдүү антителону бир гана эмдөө аркылуу алса болот.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы 12-январда аныкталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости