www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Кошмо Штаттар моралдык жактан «Украинаны жок кылгысы келет» деп эсептейт.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун сөзүнө шилтеме жасап, Орусия Федерациясы тарабынан толук масштабдуу чабуул болот деп ырастоого Киев бүгүн эч кандай негиз көрбөй жатат, ал, ошондой эле, Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирбинин «Орусиянын деэскалацияга ниети жок» деген сөздөрүн да мисал катары келтирди.

«Тыянак: мамлекеттер Украинанын жарандарын моралдык жактан жок кылууну каалайт. Кулеба менен Даниловдун оозу аркылуу Киев экинчи күндөн бери алардан риторикасын басаңдатуу үчүн жалынып-жалбарып жатат, бирок Вашингтон өзүнүн линиясынан кайтпайт. Буга америкалык саясатчылардын боору ооруйбу? Өз энелерин аябаган америкалык саясатчылар башкалардын энелерине боор тартабы?" - деп жазат Захарова Telegram каналында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости