www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын президенти Джо Байден 24-январдын кечинде Европанын лидерлери менен видео конференция аркылуу сүйлөшүп, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну талкуулады. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Байден менен Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель, немис канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Польшанын президенти Анджей Дуда жана британ премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөшөөрү айтылган.

Мындай чукул сүйлөшүү Орусия менен Украинанын чек арасында кырдаал чыңалып турган учурда өткөнү жатат. Батыш өлкөлөрү - Украина чек арасына жакын аймакта Москва 100 миңдей аскерин топтоп турганын, жакын арада Украинага басып кириши мүмкүндүгүн эскертип жатат.

Ал эми Орусия аскердик операцияга даярдык көргөнүн четке кагат. Ошол эле учурда Москва НАТОдон - Украинаны аскердик альянска мүчө катары кабыл албоону талап кылып келет.

Мындай чыңалууну улай Улуу Британия менен АКШ Киевдеги айрым дипломаттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Украинадан чыгарып кетээрин жарыялашты. Украинанын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чечимин «ашыкча этияттык» деп сыпаттады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости