www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биология илимдеринин доктору, Ратгерс университетинин профессору Константин Северинов коронавируска каршы күчтүү иммунитетти кантип калыптандырса болорун Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШлык окумуштуулар коронавирустун вакцинага туруштук берген штаммдары чыгарын айтышкан. Мындан улам адистер адамдар эмдөөдөн массалык түрдө баш тартышы мүмкүн экенин божомолдоодо.

Биологдун айтымында, канчалык көп киши вакцина албай, вирусту бири-бирине жугуза турган болсо, жаңы, кооптуу штаммдардын пайда болуу тобокелдиги ошончолук күчөйт.

"Вакцинация илдеттин оор формасынан сактайт. Демек, организмди көбүрөөк жабырката алчу вирустар көп тарай албайт. Колдон келсе, вакцинанын экинчи дозасын алган соң антителонун деңгээлин текшерип койгон оң. Бирок кайра-кайра текшерип, түшүп бара жатат деп тынчсыздана берүүнүн зарылдыгы жок", — деди адис.

Окумуштуу билдиргендей, кооптуу штаммдардын бири алгачкылардан болуп пайда болгон Улуу Британияда элдин 65 пайызы эмдөөдөн өттү. Анткен менен күн сайын аз дегенде 50 миң киши вирус жугузуп алууда. Ошол эле учурда алардын арасынан ооруп жатып калгандары аз экени кошумчаланды. Көпчүлүгүндө ПЦР-тест жыйынтыгын вирус бар деп чыкканы менен, оору билинер-билинбес болуп өтүп кетүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости