www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Элмир Сыдымановдун айткандары боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы 21-июлга чейин чыгышы керек. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине анын адвокаты Али Магеев билдирди.

Белгилей кестек, 8-июндагы отурумда судья блогердин сөздөрү боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Жактоочунун айтымында, экспертизанын жыйынтыгы бир апта ичинде белгилүү болот:

"Экспертизага бир айлык мөөнөт берилет. Сот отуруму 8-июнда болгон, бирок материалдар 21-июнда гана жөнөтүлгөн. Бир жума ичинде белгилүү болушу керек",-деди жактоочу.

Экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, аныкташ үчүн дайындалган.

Эске сала кетсек, Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. 

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алууну, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости