www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттолуучу Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокаттары журналисттерге алардын корголуучусуна карата каршы кыйноо колдонулушу мүмкүн деп билдирди.

Адвокат Таалайкүл Токтакунованын айтымында, шаршемби күнү адвокаттар өз кардарын сот залында 2,5 саат күтүштү, судья аны жеткириш керек деди, бирок андай болгон жок.

Белгилей кетсек, судья отурумду бүгүнкү күнгө жылдырды.

Зилалиевдин дагы бир адвокаты Тимур Карабаев бүгүн Зилалиевге УКМКнын СИЗОсунда болуп, анын келбей калганынын себептерин билүүгө аракет кылгандыгын билдирди. 

“Зилалиев фельдшердин текшерүүсүнөн өткөн. Анын дене табы болжол менен 38 градус, кургак жөтөл, кан басымы 140/100 чейин жогорулаган. Ага карабастан, соттун буйругу менен аны күч менен сотко жөнөтүүгө аракет кылып жатышат”, – деди ал.

Карабаевдин айтымында, сот иш боюнча эрте чечим чыгарууга кызыкдар.

Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости