www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Telegram каналында жаңы функция пайда болду

Telegram каналында комментарий, ой-пикир калтыра турган функция пайда болду. Бул туурасында аталган мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram каналына жазгандыгын РИА Новости кабарлады.

"Бүгүн биз каналдарга комментарий функциясын кошобуз. Telegram жаңылангандан кийин кээ бирине, анын ичинен бул каналга да ой-пикир калтыра аласыздар", — деп жазган ал.

Дуров комментарийлер чатка окшош болорун, тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелерин айтты. Аны менен кошо үн билдирүүлөрдү, GIF сүрөттөрдү да жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар деди. Ал каналдын администраторлору тиешелүү чектөөлөрдү киргизе аларын кошумчалаган.

Telegram — интернет колдонуучулар маалыматтар менен бир канча түрдөгү медиафайлдарды бири-бирине жиберип, өз ара алмаша ала турган мессенджер. Долбоор 2013-жылы "ВКонтакте" социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров тарабынан жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости