www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, медиктерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сыйлык медиктерге, куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине жана журналисттерге берилди.

"Мен жалпы элибиздин тилектештигин, ынтымагын дагы бир ирет өтө сыймыктануу менен белгилейм. Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам берген азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле өз мекенине жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости