www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун жубайы Динара УКМКдан инсульт болду. Бул маалыматты адвокат Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

Анын айтымында Асанова төшөккө жатып калган, араң сүйлөп жатат. Ал адвокатты үйүнө келип кетүүсүн суранган.

"Анын жалгыз өтүнүчү уулу Алиге тиешелүү болчу. Асанованын айтымында, дарыгерлер анын оорусу татаалдашып кеткен болушу мүмкүн деп айтышыптыр, ошондуктан ал балдары үчүн коркуп, Курсан түрмөдөн чыккыча уулу Али Асановго көз салып турууну өтүнүп жатат", - деп Токтакунова айтып берди.

Адвокаттын айтымында, ал Асанова УКМКда жүрүп, кандай кырдаалда инсульт алганын билет, бирок бул тууралуу компетентүү органдарга расмий кайрылып, айыптууларды жоопкерчиликке тартуу үчүн кечирээк жазат.

Курсан Асановду 26-январда камакка алышкан. Ал "Имараттарды жана курулуштарды басып алуу" беренесинин негизинде айыпталууда. Кеп өткөн жылдагы октябрь окуялары жөнүндө болуп жатат. Асанов Бишкектин комендатынын милдетин аткарып, андан тышкары ИИМдин башчысынын милдеттерин өзүнө алган. Асанов 10-октябрда камакка алынып, кийин бошотулган болчу. Курсан Асанов менен бирге анын уулу Али Асанов да камакта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости