www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында мугалимди өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 23-март күнү Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүнөн октон жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендиги, кечкисин таксист болуп иштеп жүргөнү белгилүү болгон. Каза болгон адамдын төш тарабына чачма ок тийгендиги айтылган.

Милиция шектүү катары Кара-Суунун 63 жаштагы тургунун бүгүн эртең менен кармаган.

«Ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ эски тааныштарынын үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалды. Далил буюм катары ок атуучу курал алынды», — деп жазылган маалыматта.

Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРдин Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун белгилери менен («Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү») сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости