www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон: Европа жаңы согуш толкунуна кабылды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавируска каршы вакциналар тууралуу сүйлөп жатып, «Европа жаңы согуш толкунуна кабылганын» билдирди. Бул туурасында Le Figaro басылмасы жазды.

Анын айтымында, бул кагылышуу Кытай менен Россиянын вакциналар аркылуу өз таасирин күчөтүү аракетинен улам болуп жатат.

«Мындай кырдаалда вакцина өндүрүү маселелери боюнча Европа өз алдынча иш кылышы керек», — деди Макрон Европа биримдигинин виртуалдык саммитинде сүйлөп жатып.

Мындан тышкары, Франциянын президенти вакцина өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, эгер аны чыгарган компаниялар Европа биримдигине жетиштүү санда даярдай албаса, экспортко бөгөт коюлушу керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости