www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үчүнчү жолу суракка чакырылышына байланыштуу анын юридикалык өкүлү Сергей Слесарев ички иштер министринин атына 19-июлда кат жолдой турганын айтты. Адвокат анын себебин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Атамбаевди мыйзамсыз суракка чакырып жатканы менен түшүндүрдү.
"Бул менин үчүнчү катым. Биринчи катты тергөөчүгө, экинчисин Тергөө кызматынын башчысына жөнөткөм. Муну министрге жиберем. Себеби, Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча парламенттин токтому аларга мурдагы мамлекет башчыны суракка чакырууга укук бербейт", - деди Слесарев.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу ишине күбө катары көрсөтмө берүү үчүн буга чейин эки жолу чакырылып, барган эмес. Үчүнчү чакыруу 18-июлда жөнөтүлүп, 19-июлда көрсөтмө берүүгө келиши керектиги айтылган. Атамбаев суракка барбай турганын билдирген, юридикалык өкүлү да муну бышыктап келет.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Ал эми, мурдагы президенттин тарапкерлери муну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевдин үйүндө топтолуп турушат.
Булак: NazarNews.kg