www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Абылгазиевдин кадр саясаты алешем экендигин дудуктан  башкасынын бары айтып жатышат. Эми өкмөт башчылыкка бир келип жатса жакын туугандарын кызматка койбогондо эмне кылат Мухаммедкалый Дүйшекеевич? Бир гана Атамбаевдин маалыматы бул тууралуу чучук же талкан сугунуп алгансып унчугушпайт. Себеби, Абылгазиев ары караса Атамбаев, бери караса Жээнбеков деп желпинип турган неме экен.

Абылгазиевдин кадрларды жайгаштыруу схемасы төмөнкүдөй:

1. Жакын туугандарынын кызматын бажасы Рысалиев Иманкадыр менен Ирсалиев Дүйшөн чечет. Муну элдин бары билет.

2. Абылгазиевдин колу жетпеген жумуштар валюталарды алмаштыруучу жайда акча алмаштыргандай эле алмаштыруу жолу менен бүтөт. Элге түшүнүктүү болсун. Саралаев Нур деген Абылгазиев менен бир үйдө өйдө-ылдый өскөн бир туугандай жээни бар. Бул таенесинин үйүндө Абылгазиевдердин колунда Мухаммедкалый мырза менен чогуу өскөн. Ал эмес атын   Мухаммедкалый мырзага окшоштуруп Нуркалый деп койгон экен, бирок өзү Нур деп кыскартып алган. Бул жигит менин бир тууганым өкмөт башчы деп дерделеңдеп жүрүп Политехтин окутуучуларынын жинине тийип, алар “осурган уйдай” кубалап чыгышкан. Уй осуруп койсо башка уйлар чогулуп кубалап чыгышат.

Нуркалый Саралаев “братаны” премьер болуп турса кимден коркот эле, Илимдер Академиясына келип түз эле Философия институтуна директор болгусу келет. Абылгазиев Илимдер Академиясынын президенти Жуматаевди чакырып экөө оозеки келишим түзөт. Бул келишимдин негизинде Абылгазиев Жуматаевдин кызы Гүлнараны өзүнүн жээни Соцфондго төрага кылган Ирсалиев Медетке орун басар кылышы керек эле, ал эми Жуматаев   Нуркалый Саралаевди Философия институтуна директор кылмак. Мындай убадага бекем Абылгазиев Жуматаева Гүлнараны Соцфонд төрагасынын орун басары кылат. Ал эми Жуматаев мыйзам боюнча Нуркалый Саралаевди Философия институтуна директор кылыш үчүн добушка койот. Биринчи добушка койгондо Саралаев деген Абылгазиевдин тууганын эч ким шайлабай койот. Экинчи жолу мыйзамсыз иш жүргүзгөн Жуматаев ар кимди зордук –зомбулукка салып тигинин талапкердигин  кайра койот, мында да добушу жетпей калат. Мыйзам боюнча добушу жеткен адамды дайындаш керек эле. Бирок кызын “замминистр” кылып алган Жуматаев эми үчүнчү шайлоого камынып жаткандай, Саралаеви өтпөсө да убактылуу иштеп эмгек өргүүсүнө кетти. “ Токмок күч болсо кийиз казык жерге кирет” –деген ушул, күзүндө эл наалат айтып өкмөт башчысы Абылгазиевди кызматынан кетирбесе, үчүнчү мыйзамсыз шайлоо болушу толук мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости