www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмутарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарагаЖалал-Абад ОИИБнин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги Маматазиз Хажиматов, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укук жана коргонуу боюнча бөлүм башчысы Кадыр Бечелов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, РИИБдин өздүк курамы катышты. Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Салтанаттын жүрүшүндө милициянын калк менен натыйжалуу иштешүүсүн жогорулатууда милициянын көчмө кабылдамасы маанилүү экендигине белгиленди. Ошондой эле заманбап автоунаа GPS навигатору менен жабдылып, онлайн түрдө көзөмөл кылууга мүмкүн экендиги айтылды. Өз кезегинде коомдук көчмө кабылдама милиция менен элдин мамилесин, ишенимин бекемдеп, көйгөйлүүмаселелерди жеринен чечүүгө чоӊ мүмкүнчүлүк жарата турганы айтылып, өзгөчө алыскы айылдардагы калк менен жеринен иш алып барууда көчмө кабылдаманын ролу чоӊ экендиги белгиленди.

Милициянын көчмө кабылдамасы 102 кызматына байланышкан жарандарга барып, алардын арыздарын кабыл алат.Унаада атайын китепче болуп, ага кайрылган адамдын аты-жөнү, айы, күнү, эмне маселе менен кайрылганы, кабыл алган адамдын аты-жөнү жазылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости